Аргентинада өтүп жаткан өспүрүмдөр арасындагы Олимпиада оюндарында стритбол боюнча Кыргыз курама командасы бардык атаандаштарынан жеңилип калды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын баскетбол федерациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, чүчү кулактын жыйынтыгында Кыргыз курама командасы Италия, Казакстан, Бельгия, Латвия курамалары менен бирге "D" тайпасына туш келген.
10-октябрда Кыргыз курамасы Казакстан жана Бельгия курамалары менен беттеш өткөргөн. Анда Кыргыз курамасы эки командага тең мөөнөтүнө чейин эле утулуп калган. Ал эми 14-октябрда дагы 2 оюн орун алып, анда дагы бескетболчулар жеңилүү ызасын тартышкан.
Турнирдик жадыбалда Кыргыз курамасы "D" тайпасында акыркы орунду ээлеп оюндан четтетилди.
Маалымат үчүн: Стритбол (көчө баскетболу) - баскетболго караганда оюнчулардын саны аз (3 эле оюнчу) жана эки эсеге кичинекей аянтта (баскетбол аянтынын жарымы) ойнолот.