Кыргыз спортчусу Шахман Сулейманов Түркияда өтүп жаткан армрестлинг (кол күрөш) боюнча Дүйнө чемпиондугунда алтын медалды утуп алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирет.
Анталия шаарында өтүп жаткан мелдеште Шахман Сулейманов 21 жашка чейинки категорияда күч сынашып, бардык беттештерде жеңишке жетти. Бул жыйынтык менен Сулейманов Дүйнө чемпиону наамына татыды.
18 жашка чейинки категорияда кыргыз спортчусу Өткүр Асхат уулу финалга чейин жетип, тилекке каршы, жеңилүү ызасын тартып калды. Муну менен ал күмүш медалды тагынды.
Айта кетсек, аталган мелдеште 54 өлкөдөн 1200дөн ашуун спортчу катышууда. Кыргыз өлкөсүнөн бул мелдешке 28 спортчу барып, 4 категорияда күч сынашат.