Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков Индонезияда өткөн Жайкы Азия оюндарында жетишкендиктери, дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө, спортсмендерин даярдоого салым кошкон үчүн айрым спортчуларды жана машыктыруучуларды "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, спортчулар жана спортко салымын кошкон кызматкерлер "Даңк" медалы жана "Ардак" грамоталары менен сыйланды.
"Даңк" медалына Азия оюндарынын чемпиондору Төрөкан Багынбай уулу жана Дарья Маслова, күмүш медалдарынын ээлери Каныбек Жолчубеков, Магомед Мусаев жана Айсулуу Тыныбекова татыды.
"Даңк" медалы менен төмөндөгүлөр сыйланды:
- Төрөкан Багынбай уулу - жиу-житсу боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын мүчөсү;
- Каныбек Жолчубеков - грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын мүчөсү;
- Дарья Маслова - жеңил атлетика боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын мүчөсү;
- Магомед Мусаев - эркин күрөш боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын мүчөсү;
- Айсулуу Тыныбекова - кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын мүчөсү;
"Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкери" ардактуу наамы менен төмөндөгүлөр сыйланды:
- Канатбек Арпачиев - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
- Мейрамбек Ахметов - Шералы Сыдыков атындагы Олимпиадалык резервдеги республикалык окуу жайынын грек-рим күрөшү боюнча окутуучу-машыктыруучусу;
- Нурбек Изабеков - кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу;
- Токтосун Камчыбеков - Ош облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы;
- Ратбек Мамбетов - Шералы Сыдыков атындагы Олимпиадалык резервдеги республикалык окуу жайынын грек-рим күрөшү боюнча окутуучу-машыктыруучусу;
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен төмөндөгүлөр сыйланды:
- Татьяна Борисова - Сатымкул Жуманазаров атындагы Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин жеңил атлетика боюнча машыктыруучусу;
- Данияр Жусубалиев - бокс боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу;
- Константин Еремич - Бишкек шаарынын Медициналык-консультативдик кызмат көрсөтүү жана спорттук медицина борборунун улук массажисти;
- Акжол Махмудов - грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын мүчөсү;
- Сатыбек Чокаев - жеңил атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу;
- Жоомарт Шамканов - спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын директору;
- Азат Эркимбаев - грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу.
"Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы" ардактуу наамы менен Бишкек шаарынын Медициналык-консультативдик кызмат көрсөтүү жана спорттук медицина борборунун спорттук медицина бөлүмүнүн функционалдык диагностика врачы Бактыкуль Алишева сыйланды.