Бишкекте 17 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелип 19 жаштагы шаар тургуну кармалды

Бишкек шаарында 17 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелип шаар тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-октябрь күнү саат 7:30 чамасында милицияга борбордогу жаңы конуштардын бириндеги үйдөн кыздын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган дарекке барган милиция кызматкерлери каза болгон адам 2001-жылы туулган Э.Б. аттуу кыз экенин аныкташкан. Медициналык кароодон анын денесинен көк ала тактар табылып, ал киши колдуу болгону белгилүү болгон.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 1999-жылы туулган Т.у.Д. аттуу шаар тургуну кармалган. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Айрым маалыматтарга таянсак, кыздын өлүмүнө шектүү жаран анын аталаш тууганы экени айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
sherzatik
2018-10-17 05:19:54
ХХХХХХХХ сендей ХХХХХХ дан эч качан жакшылык күтпөш керек. Ыймандын жоктугунун пайдасы.
0
s.k.bakyt
2018-10-17 07:22:22
Түрмөдөн ушул экөө ошондой жаза бергилечи, өздөрүнүн жон териси менен сезсин кордукту.
0
Kychtyy
2018-10-17 09:01:49
Олимпиаданы утуп келгенсип керсейетго ХХХХХХХХ. Кором турмого киргенинде ушул абалынды. Ушундайлырдын жазасын кучотсо
0
Pandora
2018-10-17 13:27:54
ушул зордуктагандарга тушунбоймун.Неге озунун жашоосун озу талкалаганы аз келгенсип бироону жжашоосун кошо талкалат? Болбой баратса кочодо сатуучу кыздар барго ошолорго бар наары.Бироонун тынч жашоосун талкалабай.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан