Бишкектеги кафелердин биринде аялдар менен кайым айтышып, "депутатка чалам" деген Кытай жарандары кармалды. Бул тууралуу 16-октябрда Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.
Шаардык милициянын маалыматына караганда, Кытай жарандары мас абалда болушкан.
"13-октябрь күнү саат 20:00 чамасында кафелердин биринде Кыргыз жарандары менен Кытай жарандарынын ортосунда чыр чыккан. Кытай жараны мас абалында аялдар менен кайым айтышып, "депутатка чалам, силерге көргүлүктү көргөзөм" деп коркуткан. Кафенин администрациясы аларды тынчтандыруу үчүн 3 аялды башка жайга которушкан.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө "депутатка чалам" деген адам 1971-жылы туулган В.Б. аттуу Бишкекте убактылуу жашаган Кытай жараны болгону аныкталган", - деп билдиришти ШИИББден.
Маалым болгондой, жогорудагы фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 364-беренеси "майда бейбаштык" менен кылмыш иши козголуп, материал Свердлов райондук сотуна жиберилген. Бүгүн, 16-октябрда соттун чечими менен В.Б. жана 1961-жылы туулган Ч.Щ. аттуу эки Кытай жараны 5 күнгө камакка алынды.
Аталган окуянын видеосу 15-октябрда интернетке тарап, кызуу талкууга алынган.