Өспүрүмдөр арасындагы Олимпиада оюндарында ийгилик жаратып, күмүш медалга татыган суучул Денис Петрашов мекенибизге кайтып келди

Бүгүн, 17-октябрда Аргентинада өтүп жаткан өспүрүмдөр арасындагы Олимпиада оюндарында ийгилик жаратып, күмүш медалга татыган суучул Денис Петрашов мекенибизге кайтып келди. Спортчуну "Манас" эл аралык аэропортунда жакын туугандары, достору жана күйөрмандары тосуп алышты.

Денис Петрашов Буэнос-Айрес шаарында өтүп жаткан Олимпиада оюндарында сууда сүзүү боюнча мелдештин 100 метр аралыктагы брасс стилиндеги жарышка катышкан. Тандап алуу раундунда өзүн мыкты көрсөтүп финалга аттанган. Финалда Петрашов 1 мүнөт 0,59 секунд жыйынтыгы менен 2-орунду ээлеп, Олимпиада оюндарынын күмүш медалына татыган.

Өспүрүмдөр арасындагы Олимпиада оюндарында кыргыз спортчулары жеке мелдеште 2 күмүш жана 1 коло медаль утуп алышса, командалар арасындагы мелдеште 1 күмүш жана 1 коло медаль тагынышкан. Жеке мелдеште күмүш медалды суучул Денис Петрашов, балбан Элмирбек Садырбеков, коло медалды фехтование боюнча мелдеште Хасан Баудунов тагынган. Командалык мелдеште Хасан Баудунов күмүш медаль тагынып, дзюдочу Султан Жеңишбеков коло медалга ээ болгон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Alixan-Nookat.2015
2018-10-17 13:52:16
Красавчик!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан