Бүгүн, 17-октябрда Багам аралдарында дзюдо боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугу старт алат. Анда Кыргыз өлкөсүнөн Эрлан Шеров жана Кубанычбек Айбек уулу катышат.
Нассау шаарында өтө турган мелдеште 67 өлкөдөн жалпы 427 спортчу катышат. Азыркы тапта чүчү кулак аземи жыйынтыкталып, кыргыз спортчуларынын атаандаштары белгилүү болду.
Эрлан Шеров 81 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, алгачкы беттешин жарым чейрек финалдан баштайт. Анын атаандашы финляндиялык Оскари Макинен менен япониялык Хиромаса Касахарандын ортосундагы беттештин жеңүүчүсү болот.
Кубанычбек Айбек уулу 55 килограммга чейинки салмак ченинде катышып, 1/16 финалда австриялык Николас Речбергер менен кездешет.
Тандап алуу раундунун алгачкы беттештери Бишкек убактысы боюнча саат 19:30да башталат.