"Бир эле сыйыртмак менен согуштан жеңе албайсың"

Бул макаланын темасында айтылган цитатаны көпчүлүк эле биле бербейт деп өкүнүчтүү божомолдоп жатам. Аны билүүнү каалагандарга макаланы аягына чейин окуганга туура келет.

Бул кайрылуу менен мен сизди Кыргызстандын экономикасына "иреттүүлүк киргизүү" үчүн айрым мамлекеттик органдар жүргүзүп келген ыкмалар тууралуу сүйлөшүүгө чакырам.

Эмесе, адегенде бизде инвесторлорго каршы чыныгы чырмалышкан согуш бар экенин моюнга алып алалы. Инвесторлордун массалык түрдө качып жатканы тууралуу жазылып эле келе жатат, ал гана эмес, кетип калган инвесторлор эми эч качан кайтып келбесе керек. Жалпы террордук ушул кырдаалда жаңы инвосторлорду тартуу мүмкүнбү? Нормалдуулары жок, келишсе да алардын көбү авантюристтер, биздин булганган суудан балык кармайбыз деген ойлору барлары гана келет. Нормалдуу, адилет ойлонгон инвесторлор бизге келбейт. Бизге инвесторлор керек эмес сыяктанат, аларсыз эле эң сонун иш жүргүзө алабызбы? Албетте, жок, ар бир бурчта биз ачыктыгыбызды, инвесторлор тартылган өлкө экендигибизди декларациялап, бизнес өкүлдөрү менен жолугушуп, колдой тургандыгыбыз тууралуу туура сөздөрдү сүйлөйбүз. Бирок эч нерсе жасабайбыз же баарын тескери жасайбыз.

Мындай суроо жаралат: бизге, өлкөнүн жарандарына ушундай экономикалык саясат таасир бербейби? Эгер таасир этсе, анда бул инвестицияга каршы жарыяланбай туруп жасалып жаткан согуш саясаты эмеспи? Бул бир гана чет өлкөлүк жана өлкөдөгү инвесторлорго гана эмес, өлкөнүн калкына да түздөн-түз каршы жүргүзүлүп жаткан саясат эмеспи? Өлкө толугу менен экономикалык бүлгүндүн дүрбөлөңүнө түшүп, начарлоонун түбүнө түшүп кетсе эмне болорун биз эң жакшы түшүнөбүз. Биз болжолдоп жатабыз, а мына бул өкмөт, бизди кайсы жакка жетелеп бара жатканын билет көрүнөт. Баары андан, өкмөттөн, унчукпаган же ачык макулдашуудан болуп жатпайбы.

Келгиле, буга чейин бул темага кайрылган кесиптеш-журналисттерди колдойбуз жана тоо кендерине карата өкмөттүн айрым коркунучтуу демилгелерин дагы бир жолу карап чыгабыз:

Инвесторлор иштеткен ишканасынан тапкан кирешенин 20 пайызын мамлекетке берүүнү талап кылабыз. Ойлоп тапканын көр! Өзүнүн өндүрүшүнө өзү акча салып, мамлекетке тиешелүү болгон бардык салыктарды жана төлөмдөрдү мыйзам чегинде төлөп жаткан инвестор эмнеден улам мамлекетке дагы кошумча акча бериши керек? Мамлекет эч качан инвестор менен биргеликте анын өндүрүшүнүн баштапкы иш баштоосуна акча салбайт да. Мындан тышкары мамлекет инвесторлорду жергиликтүү калктын жана мамлекеттик органдардын тийишүүсүнөн эч качан коргобойт. Инвестор - жеткен жинди, ушул башаламандыктын баарын көрүп туруп деле бизге инвестиция кылууга чуркап келет деп болжолдоп жүрөбүзбү? Жок, чуркап келбейт, ушундай башаламандыктан кийин да бизге инвесторлор келет деп кыялданып жүргөндөр бар болсо, анда ал андай деле акылдуу адам эмес.

Ири инвесторлор өз ыктыяры менен акча төлөп берип турууга макул болмоюнча аларды көндүрө беребиз же кысым көрсөтүүнү улантабыз. Мисалы, кадырлуу эле ишканалардын биринин директорун арчаны кыйгандыгы үчүн камакка алып, ал үчүн акча төлөөсүн айтып коркутушкан. Директор бул талаптардын мыйзамдуулугун билүү үчүн сотко барууну сунуштаганда аны мурдагыдан да катуу коркута башташкан. Кандай андай сот, акылдуусунба сен, акча бер! Берет да анан.

Дагы бир ири компанияга ал фабриканын курулушуна өтпөгөндүгү үчүн ири суммадагы айып салышкан. Эч кандай түшүндүрмөсү жок эле фабрика - бул татаал инфраструктуралык имарат экенин, жөн эле бир тургузулган куту эместигин түшүндүрүшкөндө ал түшүндүрмөлөр кабыл алынган эмес. Жок, бар, чоң тамгалар менен ФАБРИКА деп жазылган объектини көрсөт!

Же болбосо инвестициясынын жалпы көрсөткүчү 200 миллион долларга жакын болгон ири компанияга тийишүү. Сиз жашаган аймакта баалуу сорттогу бак-дарактар бар, ошондуктан аларды кыюу үчүн 5 миллион доллар төлөйсүз! Ошол жерге барып, ал бакка эч ким тийишпегенин көрүп, байкайлы деген сунуштар болбойт. Мындан тышкары маселеге жакшылап көңүл буруп караган учурда ал жерде андай бак-дарактардын такыр болбогондугу аныкталат. Эгер компанияга керектүү бадал болсо, ал өзү эле мыйзамдуу түрдө жакшы сумманы төлөп алат, бул аздык кылабы?

● Дагы бир бюджети азыраак компания менен эч кандай стратегиялык келишим түзбөй коюшат. Ооба, бул компанияга көп суроолор болот, бирок силер жогору жактасыңар, кайсы бир нерсеңер үчүн маяна алып жатасыңар, креслодо отурасыңар, эки тарапка тең жемиштүү делген чечимди ойлоп тапкыла да. А эгер колуңардан келбесе, айткыла дагы ылайыктуу жакка, мисалы, балык уулаганга баргыла. Ошондо жок дегенде өзүңөрдү мамлекеттик бюджеттен эмес, өзүңөр багып бюджетке пайда алып келесиңер.

Массалык прессингдин сыры жөнөкөй: буржуйлардан финпол, Башкы прокуратура, ИИМ жана башка күч органдары канчалык көп экспроприациялоо кылса, анын атайын эсеби ошончолук кеңейет, анткени алып келген каражаттын 30 пайызы ага берилет! Ал эми өзгөчөлөнгөн өкүлдөр жана жылдыздар бонус катары да каражаттарды ала алат. Мындай нерсени кайсы акылдуу ойлоп тапты!? Биздин күч органдарынын өкүлдөрү акчасы барларды гана "саай" алат эмеспи, аларды өздөрүнүн жасап жаткан иши мыйзамдуубу же жокпу таптакыр кызыктырбайт. Негизгиси өзүнүн жетекчисине башынан тартып... ийилиши керек. Эми өзүңүз түшүнөсүз.

Жакында эле мен акылсыз эмес адамдардын өкмөттүн айрым мекемелеринин зыяндуу ишмердүүлүгүнө нааразы болуп жаткан сүйлөшүүлөрүн угуп калдым.

Анда мындай сунуш айтылды: өкмөт күч органдарына объекттерди камсыздоону киргизсе, алар аз убакыттын ичинде өлкөгө ири суммадагы акча төлөп турушса. Мисалы, Каржы полициясына Куру-Тегерек кен казуу жайындагы фабрикаларды эксплуатациялоону дайындаса, Башкы прокуратура Чаарат кен казуу жайынын үстүнөн иш алып барса. Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына "Жер-Үй" алтын кенин эртерээк ишке киргизүүнү тапшырса жана башка ушул сыяктуу. Биздин күжүрмөн күч органдары жеңил шыбага - инвесторлорду "саап" акча алууну токтотуп, андан көрө тарпты жегендерден объектти коргогон адам болсун.

Ар бир эле компания күч структурасынын өкүлүнүн мыйзамдуу жардамын, орой "саабаганын" баалайт жана ага мыйзам чегинде сыйлыктарды берип турат.

Ооба, экономиканы өнүктүрүүнүн бүгүнкү күндөгү реалдуу милдети - тез аранын ичинде өнөр жай объектилерин пайдаланууга берүү, бул өлкөнүн бюджетине ири акчаларды алып келет. Муну менен катар эле экологдор менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өзгөчө роль берилет, себеби кураторлуктун негизги критерийи - жергиликтүү коомчулуктун кызыкчылыгын, экологияны сактоо. А эгерде инвестордун ишине кимдир бирөө кийлигишсе, аны караган күч органынын өкүлү өзүнүн чыныгы күчүн көрсөтсө болот. Бир нече жылдардан бери айтылып келе жаткан бак-дарактарды кыюу боюнча жобо кабыл алуу керек, ушундай жобого жетүү керек, аны токтотуу - чыныгы зыяндуулук. Ойлонсоңор, токтомдо бак-даракты кыюу боюнча гана кеп болбойт, анда кыйылган бак-даракка токой чарбасы жаңы бактарды, ал тургай чоң токойду отургуза ала турган компенсация төлөө тууралуу да айтылат.

Бүгүнкү күндө болбогон бир майда тартип бузууларды шылтоолоп инвесторлорду куугунтуктагандыгыбыз менен биз аларды кетип калууга мажбурлап жатабыз. Дал ушундай учурда укук коргоо органдарынын ортосундагы ишмердүүлүк өлкө үчүн да, калк үчүн да чыныгы пайда болот.

Эми болсо макаланын темасын чечмелейин: "Бир эле сыйыртмак менен согуштан жеңбейсиң" деген сөздөр менен М.Булгаковдун "Бег" романындагы монолог башталат. Анда маалымат алып келүүчү Крапилин генерал Хлудовго кайрылган. "Бег" - эң коркунучтуу жарандык согуш тууралуу роман, анда ошол кездеги орус саясатчыларынын өлкөнү анархиянын түбүнө, экономиканын бөлүнүшүнө аны менен миллиондогон курмандыктарга алып келген саясий эрксиздигин, алсыздыгын баяндаган. Бул улуу романда жазылгандар биздин өлкөдө кайталанышынан Жараткан сактасын.

Биздин өкмөт ойгонобу? Анын абалды оңдогонго эрки, күчү, каалоосу жетеби?

Автор: Асылбек Камчыбеков

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан