Ошто Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган улуттук ат оюндары боюнча Өлкө чемпиондугу өтөт

Ош шаарында Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган улуттук ат оюндары боюнча Өлкө чемпиондугу өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун “Төлөйкөн” ат майданында 29-октябрдан 3-ноябрга чейин Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесинин алкагында көк бөрү, ат чабыш жана эр эңиш боюнча Өлкө чемпиондугу өткөрүлөт.

Көк бөрү боюнча мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан келген командалар катышат. Көк бөрү боюнча мелдеш 29-октябрда башталып, финалдык беттештер 3 ноябрда өтөт.

Эр эңиш боюнча мелдеште спортчулар 60, 70, 80, 90 килограммга чейинки жана 90 килограммдан жогорку салмак чендеринде күч сынашат.

Ал эми ат чабыш оюндарында төмөнкү мелдештер өтөт:

Ат чабыш – 20 миң метр;

Тай чабыш – 5 миң метр;

Кунан чабыш – 11 миң метр;

Жорго салыш – 9 миң метр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Azi81
2018-10-17 22:13:30
Алга достук
0
erjigit-e.15
2018-10-18 01:05:03
Кузгу каникулга койгондо абдан жакшы болмок да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан