
Жеңил атлетика боюнча Олимпиада оюндарынын 8 жолку чемпиону
Усэйн Болт "Валетта" футболдук клубуна өтүүдөн баш тартты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, азыркы тапта жөө күлүк австралиялык "Сентрал Кост Маринерс" клубу үчүн ойнойт.
"Спортчуга "Валетта" футболдук клубуна өтүү боюнча сунуш түшкөн. Бирок Болт өз карьерасын Мальтада уланткысы келбейт", - деп билдирген спортчунун агенти.
Айта кетсек, Усэйн Болт 2018-жылдын август айында "Сентрал Кост Маринерс" клубу менен мөөнөтсүз келишим түзгөн.