Изи сууй электе зордуктоого шектүү жаран кармалды. Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдиргендей, 5-июлда Москва районунун Беловодск айылынын 42 жаштагы тургуну анын үйүнө белгисиз бирөө кирип, зордуктап кеткендиги тууралуу арыз менен кайрылган. Ошондой эле арыз ээси зөөкүр болжол менен 20-25 жашта экенин жана окуя саат 02:30да болгонун билдирген. Ыкчам иликтөөлөрдүн натыйжасында, изи сууй электе ошол эле айылдын тургуну, 22 жаштагы Э.Б. кармалган. Учурда кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга камалып, иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.