2013-жылдын январь айынан бери Кыргызстандын аймагында 57 адам сууга чөгүп каза болду. Ал эми быйылкы жылдын сууга түшүү сезонунда эле (июнь айынан бери) 48 адам сууга чөккөн болсо, анын 13үн жаш балдар түздү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Буга байланыштуу өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов министрликте атайын жыйын өткөрүп, кырсыктын бул түрүнүн алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан жумуштарга токтолду. Анда министр: “Бул багытта жер-жерлерде жергиликтүү бийлик менен биргеликте калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Сууда сүзүү боюнча машыгууларды өткөрүү зарыл. Бир айда кырктан ашык адам каза болсо, анын ичинен 13ү жаш балдар. Тез арада бул кырсыктын алдын алуу боюнча атайын жаңыча иш-чараларды иштеп чыгып, ошонун үстүндө иш алып баргыла”,- деп тапшырма берди тийиштүү башкармалыкка.