Түркиянын Анталия шаарында өтүп жаткан армрестлинг (кол күрөш) боюнча Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз спортчулары дагы коло медаль утуп алышты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Александр Ли чеберлер арасындагы мелдеште сол кол менен күрөштү. Ал 90 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, 3-орунду ээледи.
Ал эми Нурбек Алиев ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында таймашып, 70 килограммга чейинки салмак ченинде 3-орунду ээледи.
Муну менен аталган спортчулар коло медалдарды тагынып, Кыргыз капчыгындагы мелдалдардын санын 6га жеткиришти. Буга чейин Кыргыз спортчулары 2 алтын жана 2 күмүш медаль утуп алышкан.