ӨКМнын Гидрометеорология агенттигинин үстүбүздөгү жылдын июль айына карата күтүлгөн болжолдоосу боюнча, бардык облустарда абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан +1…+1,5 градуска жогору болуп, +17...+27 градуска чейин жылуу болушу күтүлөт. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Чүй облустарында айлык жаан-чачын нормага жакын, кээ бир райондордо жана тоо этектеринде нормадан арбын жаашы күтүлөт. Ал эми Ысык-Көл жана Нарын облустарында айлык жаан-чачын нормадан арбын жаашы күтүлөт. Талас облусунда айлык жаан-чачын нормага жакын жаашы мүмкүн. Буга байланыштуу ӨКМ алдыда күндүн ысышы менен сууга түшүп, эс алуучулардын саны да арбын болорун айтып, айрыкча Ысык-Көл облусундагы эс алуучу жайлардын ээлери жана Бишкек, Ош шаарларындагы дарыялардын, суу сактагычтар менен көлдөрдү тейлеген мекемелерге кат түрүндө эскертмелерди берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, аткарылган иштер боюнча алардан 5 күндүн ичинде маалымат алуу зарыл экендигин билдирди.