"Реал Мадрид" клубунун башкы машыктыруучулук кызматына Антонио Контенин талапкерлиги каралууда

Антонио Конте"Реал Мадрид" клубунун башкы машыктыруучулук кызматына Антонио Контенин талапкерлиги каралууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, мадриддик клуб Хулен Лопотегинин машыктыруусунда эч кандай жыйынтык көрсөтө албай, 3 беттеште тең жеңилүү ызасын тартышкан.
"Футбол боюнча Испания курама командасынын мурунку машыктыруучусу Лопетегинин ордуна италиялык Антонио Контенин келиши күтүлүүдө. "Реалдын" жетекчилиги алдын ала сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө", - деп жазылат маалыматта.
Айта кетсек, Конте акыркы жолу "Челси" футболдук клубунда башкы машыктыруучу болуп эмгектенип Англиянын чемпиондугун жана Англия кубогун утуп алган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
murat17
2018-10-18 18:31:36
зидан баварияга арсен венгер сборная германияга йоахим лев реалга болсо жакшы болот
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан