Көз күйдүргөн түгөйлөр Рози Хантингтон-Уайтли жана Жейсон Стэтхем Жаңы жылда боло турган үлпөт тоюн белгисиз мөөнөткө жылдырды

"Victoria's Secret`тин" периштелеринин бири, британиялык модель Рози Хантингтон-Уайтли менен Голливуд актёру Жейсон Стэтхемдин үлпөт тою белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Белгилүү болгондой, 31 жаштагы модель актёр менен 7 жылдан бери жарандык никеде жашап, 2017-жылы Жек аттуу уулдуу болушкан. Түгөйлөр ушул жылдын 31-декабрында үлпөт тоюн өткөрүүнү пландаган. Бирок модель Рози Хантингтон-Уайтли тойдун жакынкы арада болбой турганын айтып, буларга токтолгон.

"Той боло турган күн дагы келет. Үлпөт той биз үчүн биринчи орунда турбайт. Менин оюмча, балабыз эс тартып калганда ата-энесинин үлпөт тоюна катышса абдан кубанычта болот. Биз бактылуубуз", - деген модель өз сөзүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан