Ош облусунун Алай районундагы Будалык айылында 44 жаштагы аял өз жанын кыйды. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда Ош ОИИБинин маалымат кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, окуя кечээ, 17-октябрда орун алган.
"Будалык айылынын 1974-жылы туулган К.Н. аттуу тургуну өз үйүндө уксус ичип алган. Бирок маркум ооруканага баргандан кийин каза болгон. Каза болгон жарандын артында 5 баласы жана жолдошу калды. Маркумдун эмнеден улам өз жанын кыйганы аныктала элек", - дейт басма сөз кызматы.
Учурда окуянын чоо-жайы териштирилүүдө.