Бүгүн, 8-июль күнү ӨКМда өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча жыйын өттү. Анда өлкө боюнча ушул жылдын 24-июнунан 8-июлуна чейинки аралыкта 188 өрт кырсыгы катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 218 өрт өчүрүүчү бөлүмдөрдүн чыккандыгы айтылды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Ошондой эле республика боюнча жыл башынан бери 1577 өрт кырсыгы катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 1819 өрт өчүрүү бөлүмдөрү чыккан. Ал эми өрт өчүрүүчүлөр тарабынан 87 адамдын өмүрү сакталган. Маалыматка ылайык, ӨКМнын Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттиги тарабынан анализ жүргүзүлгөн. Натыйжада болуп жаткан өрттөрдүн негизги себептери катары отту пайдалануудагы этиятсыздык, чылым чегүүдөгү этиятсыздык, электр жабдууларын жана электр буюмдарын пайдаланууда өрт коопсуздугунун эрежелеринин одоно бузулушу белгиленген.