18-октябрда Ош шаарынын мэринин Кубогу башталды. Мелдешке Бишкек, Ош шаарларынан жана 7 облустан 200дөн ашуун спортчу катышып жатат.
Спорттук мелдеш аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында, улуттук спортту өнүктүрүү жана мыкты спортчуларды тандоо максатында өтүп жатат.
Мелдеш 22-октябрь күнү жыйынтыкталат. Жеңүүчүлөргө Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан кубок, медалдар, дипломдор жана баалуу белектер тапшырылат.