Хабиб Нурмагомедовдун атасы Конор Макгрегорду Дагестанга конокко чакырды

Орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовдун атасы, машыктыруучу Абдулманап Нурмагомедов ирландиялык мушкер Конор Макгрегорду Дагестанга конокко чакырды. Бул тууралуу видеону ал социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган.

Маалыматка ылайык, Макгрегор 15-декабрда Каспийскте өтүүчү самбо боюнча Дүйнө чемпиондугуна чакырылган.

"Чемпиондукка ардактуу конок катары актёр-спортчу Олег Тактаров менен Макгрегорду чакырам. Мен аны кечирдим. Айкөл, кечиримдүү болуш керек" деп билдирген Нурмагомедов.

Айта кетсек, Хабиб Нурмагомедов Конор Макгрегор сунуштаган реванштык беттештен баш тарткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан