Көздүн ордуна 2 шишик менен төрөлгөн Табарактын үй-бүлөсү турак жайлуу болушту. Жагымдуу кабары менен бөлүшкөн Асилбек Нуркамил уулу бүгүн үйлүү болушканына жана уулуна операция ийгиликтүү жасалганына түлөө өткөрөрүн айтты.
"Уулум Табарактын жүрөгүндө кемтик бар дешкен эле. Май айында операция жасалды. Буюрса, азыр жакшы. Көзүнө операция жасоо үчүн дагы убакыт керек экен. Оштогу курулуш компаниясы бизге 1 бөлмөлүү батир берди. "Ак ниет аманат" коомдук фонду демилге көтөрүп, элден чогулган каражатты кошуп жалпы 3 бөлмөлүү батирлүү болдук. Оңдоо иштери да ошол каражаттын ичинде болду. Бүгүн саат 5 жарымда элден бата алайын деп түлөө өткөрүп жатабыз", - деди Асилбек Нуркамил уулу.
Эске салсак, Асилбек Нуркамил уулунун 2 көзү тең көрбөйт. Ал үйлөнөрдө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кыз издеп, 2012-жылы Жазгүл аттуу кызга үйлөнгөн. Улуу кызы Хафиза ден соолугу чың төрөлгөн, бирок сүйлөө жагынан аксайт. 2-кызы Басиранын да көзү азиз. 3-баласы Табарак көздүн ордуна 2 шишик менен төрөлгөн. Оштон Бишкекке келип, баласын ооруканага көрсөткөнгө акчасы жок, кыйналып жаткандарын айтып Нуркамил уулу SUPER.KG порталына интервью берген. Ал маегинде үй-бүлөсү менен 7 миң сом төлөп ижарага алган батирде жашай турганын айткан. Жашоонун татаалдыгы жанга батты деген түгөйлөр кээде балдарын дарылатмак түгүл, наны жок калган күндөрү да болгонун айтышкан эле.
"Жок дегенде үстүбүздө үйүбүз болсо да жашоонун кыйынчылыгы анча билинмек эмес беле...", - деген каарманыбыз ипотекага үй алууну да ойлогон. Үй куруучу ишканаларга барып шарттарын билейин дегенде эле босогодон "сен акчаны кантип төлөмөк элең, өзүң майып болсоң" деген жооптор менен узатышкан. Бүгүн болсо үйлүү болуп, кубанып турган кези.