"Кыз-Бурак" тобунун мурунку солисти, учурда жеке ырчы катары чыгармачылыгын улантып жаткан Азалия эл аралык деңгээлдеги сулуулар сынагына катышууда.
Маалым болгондой, "Miss Cosmopolitan World-2018" сулуулар сынагы 11-октябрдан 22-октябрга чейин Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында өтүп жатат. Аталган сынакка 32 мамлекеттин сулуулары катышып, башкы наам үчүн ат салышууда. Бүгүн, 19-октябрда жеңүүчү интернет добуш берүү аркылуу аныкталат.
Белгилей кетсек, "Miss Cosmopolitan World" сулуулар сынагы быйыл 3-ирет Малайзияда өткөрүлүүдө. Сынак 4 баскычтан турат. Биринчи баскычта кыздар бикини менен чыгат, экинчисинде улуттук кийим кийип чыгып улуту тууралуу баян курат, үчүнчү баскычта кече көйнөгү менен калыстардын алдына чыгат. Ал эми төртүнчү баскычта катышуучуларга интернет добуш берүү мөөнөтү жарыяланып, анын жыйынтыгы менен жеңүүчү аныкталат.