Бишкекте 20 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 18 жаштагы Салман Сатаров ата-энесине байланышка чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда SUPER.KG порталына дайынсыз болуп жаткан шаар тургунунун атасы Бакыт Макамбаев билдирди.
"Кечээ уулум дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу жаңылык чыккандан кийин, социалдык түйүндөрдүн бири аркылуу апасына билдирүү жазыптыр. Ал апасына "Апа, кандайсыз? Менин курсагым ток, кийимим бүтүн. Баары жакшы, буюрса, аз убакытта кайтып келем. Көп ойлонбоңуздар! Бүтө элек жумуштарым бар. Үйдөгүлөргө салам айтыңыз!" деп түндө жазыптыр. Биз ага дароо кайтып, кел, урушпайбыз деп жооп жаздык. Бирок ошондон бери байланышка чыга элек. Балам, кайсы жакта экенин дале билбейбиз. Үйгө кайтып келе элек", - дейт кабатырланган ата.
Эске салсак, 20 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан С.Сатаров 30-сентябрь күнү эртең менен көк түстөгү БМВ үлгүсүндөгү унаасы айдап чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Анын ата-энеси бул тууралуу айтып, милицияга арыз менен кайрылган. Издөө иштеринен жыйынтык чыкпаганынан массалык маалымат каражаттарына жардам сурап кайрылышкан.