Хабиб Нурмагомедов vs Флойд Мэйвезер. UFC'нин президенти болушу мүмкүн делген беттеш тууралуу комментарий берди
UFC'нин президенти Дана Уайт орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовдун америкалык Флойд Мейвезер менен болушу мүмкүн делген беттеши боюнча комментарий берди. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.
"Буга көңүл бурбай эле койгула. Флойд тарабынан бизге эч ким кайрылган жок. Ал эми Нурмагомедовдун UFC менен келишими күчүндө", - деди Уайт.