Чет элдик маалымат булактарында "Франциянын "ПСЖ" клубунун оюнчусу Неймар "Барселонага" кайтышы мүмкүн" деген маалымат тараган. Бул маалымат тууралуу "Барселонанын" вице-президенти Жорди Кардонердин пикирин испаниялык басма сөз каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, вице-президент Неймарды клубга кайтаруу каралбаганын, ал тууралуу сөз да болушу мүмкүн эмес экенин билдирди.
"Айтылган маалыматтардын баары жалган. Клубда Неймарды кайтаруу тууралуу сөз болгон эмес, болушу да мүмкүн эмес. Бул эчак эле жабылган маселе. Неймар өз жолун тандаган, ал кайрадан "Барселонанын" футболкасын киет деген сөз - акылсыздык", - деди Жорди Кардонер.
Бразилиялык футболчу Неймар 2013-жылы "Барселонанын" катарына кошулган. 2017-жылдын жай айларында 222 миллион еврого аны "ПСЖ" клубу сатып алган. Футбол жылдызынын париждик клуб менен түзгөн келишими 2022-жылга чейин жарактуу.