Лионель Месси оюнда жаракат алып, колун сындырып алды

Футбол боюнча Испания чемпиондугунун 9-турунун алкагында "Барселона" өз талаасында "Севилья" клубун кабыл алды. Оюндун 18-мүнөтүндө "Барселонанын" лидери Лионель Месси атаандаш клубдун жарым коргоочусу Франко Васкес менен кагылышууда жаракат алып, 26-мүнөттө Усман Дембелеге алмаштырылды.

Алмашууга чыкканга чейин Месси 2-мүнөттө Фелиппе Коутинього голдук пас чыгарып берүүгө жана 12-мүнөттө өзү гол киргизүүгө жетишкен. Оюндун 66-мүнөтүндө Луис Суарес, 88-мүнөттө Иван Ракитич гол менен айырмаланып, 4:2 эсебинде талаа ээлери жеңишке жетишти.

Беттештен кийин каталондук клубдун расмий баракчасы Мессинин оң колу сынганын тастыктап, калыбына келүү мөөнөтү 3 жумага созуларын кабарлады. Буга байланыштуу жылдыздуу футболчу 28-октябрда орун алчу "Реал Мадрид" клубу менен болуучу оюнга катыша албайт.

Белгилей кетсек, акыркы 11 жылдан бери алгачкы жолу Эль-Классико беттеши Мессисиз өтөт. Акыркы жолу ал 2007-жылы жаракатына байланыштуу "Реал Мадрид" - "Барселона" оюнуна катышкан эмес.

Месси оюнда колун сындырып алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Topchubai
2018-10-21 12:53:07
Мессисиз деле Реалды женет.
+1
Kanybek121195
2018-10-21 13:56:14
Эль-класико Месси,Роналду жок болот екенда
-2
Dembele84
2018-10-21 15:35:13
Жалко,именно Реал менен ойногону бир жума калганда травма алганы
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан