8-июль күнү саат 21:00 чамасында Нарын облусунда, Бишкек-Торугарт унаа жолунун 215-чакырымында БМВ жана Хонда унаалары сүзүшүп, кырсык адам өлүмү менен коштолду. ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлагандай, жол кырсыгынын кесепетинен 5 адам каза болду. Кырсык болгон жерге Кочкор райондук Куткаруу кызматынын куткаруучулары барып, каза болгондордун сөөктөрүн автоунаалардын ичинен чыгарышкан жана алар райондук оорукананын өлүк сактоочу жайына жеткирилген. Учурда каза болгондордун аты-жөнү, туулган жылы жана жашаган жерлери такталууда.