Жол кырсыгына кабылган чиновник экинчи унаанын айдоочусу менен уруша кетип, башынан жаракат алып каза болду

"Кыргызаэронавигация" ишканасынын директорунун орун басары Маматназар Жакыпбаев жол кырсыгына кабылган соң экинчи унаанын айдоочусу менен уруша кетип, башынан алган жаракатынан улам каза болду. Окуя 21-октябрь күнү саат 20:00 чамаларында Түштүк магистраль менен Токтоналиев көчөсүндө орун алган. Аталган маалыматты SUPER.KG'ге 22-октябрда Бишкек ШИИББинен жана "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги тастыктады.

Маалым болгондой, анда Лексус жана Тойота Камри үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Кырсыктан кийин Жакыпбаев менен экинчи унаанын айдоочусу жана жүргүнчүсүнүн ортосунда уруш чыккан. Ортодогу жакалашуудан улам чиновник жыгылып түшүп, башы жолдун чекесиндеги бордюрга тийген. Жакыпбаев алган жаракатынан улам окуя болгон жерден каза болуп калган. Учурда бул факт боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканы кабарланды.

Маматназар Жакыпбаев "Кыргызаэронавигацияда" 5 жылдан бери эмгектенип келген.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Маматназар Жакыпбаевдин үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.



Бишкекте жол кырсыгынан кийинки мушташтан чиновник каза болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
madina.87
2018-10-22 09:15:04
Таң атпай эле суук кабар, бейиши болсун,ажал ошол жолду себеп кылып алып кетти да
+9
Nurgazy80
2018-10-22 13:08:07
Темирдин айынан оо дүйнө кете берди. Сабыр кылганды үйрөнөлүчү. Жылуу сөз менен баары чечилет.
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан