Футбол боюнча кыздар арасындагы (U-19) Азия чемпиондугунун тандап алуу этабында Кыргыз курамасы БАЭ курамасын утуп алды

20-октябрда Бишкек шаарында футбол боюнча кыздар арасындагы (U-19) Азия чемпиондугунун тандап алуу этабы старт алды.

Анда мелдештин алгачкы күнүндө Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Мальдив аралдарынын курама командасы Гуам менен беттешип, Кыргыз курама командасы Бириккен Араб Эмиратынын курамасы менен беттешти.

Гуам курамасы атаандашына мүмкүнчүлүк бербей, 12:0 эсебинде жеңип алса, Кыргыз курама командасы менен БАЭ курамасынын ортосундагы беттеш 2:1 эсебинде аяктады.

Кыргыз-БАЭ беттешинин жүрүшүндө арабиялык футболчулар эсеп санын ачып, кыргыз футболчулары 67-мүнөттө эсепти 1:1 кылды. 74-мүнөттө Кенжебүбү Ырысбек кызы айырмаланганга жетишип, командасына жеңиш алып келди.

Бүгүн, 22-октябрда 2-турдун алкагында Гуам-Өзбекстан жана Мальдив аралдары-БАЭ курамаларынын беттештери орун алат.

Мелдештин жыйынтыгында финалдык этапка тайпанын жеңүүчүсү жана тайпалар арасында мыкты көрсөткүч менен 2-орунду ээлеген командалар чыгат. Финалдык этап 2019-жылы Таиландда өтөт.

Беттештердин жүгүртмөсү:

  • 20-октябрда өтүүчү беттештер:
    • Мальдив аралдары-Гуам - 0:12;
    • Кыргыз өлкөсү-БАЭ - 2:1.
  • 22-октябрда өтүүчү беттештер:
    • 12:00 Гуам-Өзбекстан;
    • 16:00 Мальдив аралдары-БАЭ.
  • 24-октябрда өтүүчү беттештер:
    • 12:00 Өзбекстан-Мальдив аралдары;
    • 16:00 Кыргыз өлкөсү-Гуам.
  • 26-октябрда өтүүчү беттештер:
    • 12:00 БАЭ-Өзбекстан;
    • 16:00 Кыргыз өлкөсү-Мальдив аралдары.
  • 28-октябрда өтүүчү беттештер:
    • 12:00 Гуам-БАЭ;
    • 16:00 Өзбекстан-Кыргыз өлкөсү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bessmertiy
2018-10-22 10:36:50
Кыргызымдын кыйын кыздары. Азаматсынар! Кийинки беттештерге ийгилик!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан