Кечээ, 21-октябрда Орусиянын Ростов-на-Дону шаарында бильярд боюнча эл аралык мелдеш жыйынтыкталып, анда кыргыз спортчусу Дастан Лепшаков жеңүүчү аталды.
Аталган мелдеште Орусия, Украина, Казакстан, Өзбекстан, Молдова, Беларусь жана Кыргыз өлкөсүнөн жалпы 240 спортчу күч сынашты. Кыргыз өлкөсүнөн бул мелдешке 11 спортчу катышып, Дастан Лепшаков 1-орунга ээ болсо, Арсен Каленбаев 5-орун, Азиз Мадеминов 9-орун, Ызат Ратбеков, Руслан Аданов, Даниэль Макеев жана Зайлан Адамов 33-орун, Кайрат Абсатаров жана Мирлан Абдыкаров 65-орун, Улугбек Абдуллаев жана Камал Есиддинов 129-орунду ээледи.
Дастан Лепшаков алгачкы эки беттеште орусиялык бильярдчыларды жеңип, андан соң казакстандык Гани Шардарбековду жана орусиялык Виктор Локтевди утуп алды. Чейрек финалдык беттеште Лепшаков молдовалык Сергей Крыжановскийди 5:4 эсеби менен утуп, жарым финалда өзбекстандык Нодирбек Мирзаевди 5:2 эсебинде жеңди. Муну менен Лепшаков финалга чыгып, анда орусиялык Иосиф Абрамов менен кездешти. Финалдын жүрүшүндө Абрамов алгачкы 2 партияны 8:4, 8:6 эсеби менен утуп алса, кийинки 5 партияда Дастан Лепшаков 3:8, 5:8, 3:8, 5:8, 2:8 эсептеринде жеңип алды. Бул жыйынтык менен Дастан Лепшаков мелдештин жеңүүчүсү аталды.
Маалым болгондой, мелдештин байге фонду 7 миллион рублду түзүп, 1-орунду ээлеген спортчуга 1 миллион 600 миң рубль, 2-орунга 1 миллион рубль, 3-орунга 600 миң рубль, 5-8-орун 300 миң рубль берилди.