8-июлда Кыргызстанда 23 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 24 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Чүй облусунда 9, Ысык-Көл облусунда 1, Талас облусунда 1, Ош облусунда 2, Баткен облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 2, Бишкек шаарында 6 өрт кырсыгы орун алган. Кырсыктан адам өмүрүнө зыян келтирилген учур болгон жок.