Бүгүн, 22-октябрда Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жаткан эркин күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугунун 3-мелдеш күнү орун алат. Анда килем үстүнө Кыргыз өлкөсүнөн Эламан Догдурбек уулу чыгат.
Эламан Догдурбек уулу 70 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, жарым чейрек финалдан күрөшүп баштайт. Анын алгачкы атаандашы түркмөнстандык Батыр Боржаков менен болгариялык Михаил Илиевдин ортосундагы беттештин жеңүүчүсү болот.
Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да башталат.
Буга чейин 61 килограммга чейинки салмак ченинде Улукбек Жолдошбеков күрөшүп, алгачкы беттешинде жеңилип калган.