Кыргыз спортчусу каратэ боюнча Европа чемпиондугунда алтын медалды тагынды

Кыргыз спортчусу Александр Сурков каратэ боюнча Европа чемпиондугунда алтын медаль тагынды. Мындай маалымат мелдештин расмий сайтында жарыяланган.

Аталган мелдеш Орусиянын Орёл шаарында орун алып, ага Кыргыз өлкөсүнөн Александр Сурков гана катышты. Сурков абсолюттук салмак ченде күч сынашып, алгач словениялык спортчуну утуп, андан соң Италия жана Орусиянын спортчуларын жеңди. Муну менен ал финалга чыгып, анда франциялык спортчу менен кездешти. Беттештин жүрүшүндө Сурковдун атаандашы беттешти улантуудан баш тартып, жеңиш кыргыз спортчусуна ыйгарылды.

Ушуну менен Александр Сурков карате боюнча Европа чемпиондугунун алтын медалын тагынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан