Испания чемпиондугунун 9-турунун алкагында "Вальядолид" клубу "Бетис" клубун 1:0 эсебинде жеңип, 3 упайга ээ болду. Муну менен "Вальядолиддин" жалпы упайы 15ке жетип, 14 упай топтогон "Реал Мадридди" ашып өттү. 9-турда Реал өз талаасында Леванте клубунан утулуп калган.
Жыйынтыгында мадриддик клуб чемпионаттын тизмесинин 7-катарынан орун алып, "Вальядолид" 6-орунда жайгашты.
Ал эми 4-5-орунда 16 упай топтогон "Севилья" жана "Атлетико" жайгашса, 2-3-орунда 17 упайга ээ болгон "Алавес" менен "Эспаньол" клубдары келе жатат.
Чемпиондуктун лидери азырынча "Барселона" клубу. Анын капчыгында 18 упай бар.