Массимо Каррера Москванын "Спартак" футболдук клубунун башкы машыктыруучу кызматынан бошотулду. Мындай маалымат клубдун расмий сайтында жарыяланды.
"Спартак" футболдук клубунун директорлорунун кеңеши Массимо Каррераны башкы машыктыруучу кызматынан бошотуу чечимин кабыл алды. Клуб Массимонун буга чейин жасаган иштерине ыраазычылык билдирген.
Италиялык адис клубду көптөн бери күткөн чемпиондукка алып келип, "Спартактын" тарыхына атын жазып кетти. Бирок былтыркы сезондун жыйынтыгы канааттандырарлык болбой, пландалган маселелер чечилген жок. Ошондой эле азыркы сезондун жыйынтыктары өнүгүүгө умтулуу жок болуп жатканын көрсөтүүдө. "Спартак" футболдук клубу Массимо Каррерага ийгилик каалайт", - деп жазылат маалыматта.
Азыркы тапта аталган футболдук клубдун башкы машыктыруучусу болуп Рауль Рианчо дайындалды.
Орусия Премьер-Лигасында "Спартак" футболдук клубу 11 турдун жыйынтыгында 18 упайга ээ болуп, москвалык клуб 5 жеңиш, 3 тең чыгуу жана 3 жолу жеңилип калган.
Массимо Каррера "Спартак" футболдук клубуна 2016-жылы келип, 2016-2017-сезондо Орусия Премьер-Лигасында чемпиондукка жеткен. 2017-2018-сезондо "Спартак" клубу Премьер-Лигада 3-орунду ээлеп калган.