Тамак-аштардын ичинен ашлян-фу өзгөчө даамы менен айырмаланып турат. Айрыкча бул тамак Ысык-Көл облусунда көп колдонулат, башкача айтканда, ашлян-фу - ысык-көлдүктөр сүйүп жеген тамактардын бири. Бул тамактын Кыргызстандагы мекени – Каракол шаары деп айтылып келет. Караколдогу ашлян-фу саткан жерлерден эл үзүлбөйт, чет өлкөдөн келген туристтер сөзсүз бул тамактан ооз тийишет. Учурда Ысык-Көлдө туристтик сезон болгондуктан, "ашлян-фучулардын" базары кызуусунда.