Экс-депутат Равшан Жээнбеков: "Орусиядан кайра-кайра каражат, учак сурай берип деңгээлибизди төмөн түшүрүп алдык"

Өткөн аптада Орусиянын президенти Владимир Путинрасмий сапары менен Ташкентке барган. Путин менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Борбордук Азиядагы алгачкы атомдук электр станциянын курулушун баштап беришти. 11 миллиард долларга бааланган станцияны "Росатом" компаниясы курат.

SUPER.KG порталынын "ЕАЭБге кирбеген Өзбекстан миллиарддаган доллар инвестиция тартып, экспортун жогорулатууда. Аталган биримдикке кирген Кыргыз өлкөсүнүн колун эмне байлап жатат?" деген соболуна Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков жооп берди.

Анын айтымында, буга объективдүү жана субъективдүү себептери бар.

"Объективдүү жактан карасак, Өзбекстандын калкы 30 миллиондон ашуун. Экономикалык тил менен айтканда, өлкө чоң базар болуп эсептелинет. Элдин сатып алуу мүмкүнчүлүгү биздин өлкөбүздүкүнө салыштырмалуу бир топ жогору. Өзбекстандын ички ресурстары күчтүү: газ, мунай, айыл чарба продукциялары, өнөр жайы. Мурдагы Советтер союзунун республикаларынын ичинен Беларустан кем калбайт. Ошондуктан Орусия үчүн Өзбекстан өнөктөш жана базар катарында аябай пайдалуу. Кыргыз Республикасы тууралуу айтсам, биз кичинекей элбиз. Элибиздин сатып алуу мүмкүнчүлүгү аябай төмөн.
Субъективдүү себеп - биздин бийлик Орусиянын бийлиги менен сүйлөшүүлөрдө улут кызыкчылыгын бекем коргой албай келген. Буга азыркы эле бийликти күнөөлөөгө болбойт. Биздин бардык президенттерибиз улуттук кызыкчылыкты коргой албай, Кремль эмнени айтса ошону аткара берип, кайра-кайра туура же туура эмеспи учакты, акчаларды сурай берип, өзүбүздү төмөнкү деңгээлге түшүрүп алдык. Ошон үчүн Москванын Кыргыз бийлигине болгон мамилеси бир аз жериген, теңсинбеген болуп жатат", - деди Жээнбеков.

Жогорку Кеңештин депутаттары Марлен Маматалиев, Эльвира Сурабалдиева, экономика илимдеринин докторлору Төлөнбек Абдыров, Айылчы Сарыбаев, эксперт Азамат Аттокуровдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан