Бүгүн, 9-июлда саат 08:00 чамасында Бишкектин Шабдан баатыр көчөсүндө ичинде ИИМдин академиясынын курсанттары бар кичи автобус жол кырсыгына кабылды. Маалыматка ылайык, курсанттар бара жаткан кич автобус Москвич үлгүсүндөгү автоунаа менен сүзүшүп, натыйжада ала салып кеткен. Кырсыктан улам жаракат алгандар менен катар каза болгондор да бар экени айтылды. ИИМдин басма сөз кызматы кырсык болгонун тастыктап, учурда тактоо иштери жүрүп жатканын билдирди.