Испаниялык "Реал Мадрид" клубу машыктыруучусу Хулен Лопетегини кетирип, ордуна Жозе Моуриньону чакырышы мүмкүн. Бул тууралуу испаниялык басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, клубдун президенти Флорентино Перес акыркы учурда Реалдын иши жүрүшпөй жатканына байланыштуу башкы машыктыруучуну жумуштан алуу чечимин чыгарган. Анын ордуна жайкы трансфер учурунда клубдун мурдагы машыктыруучусу, азыркы учурда "Манчестер Юнайтед" клубун машыктырып жаткан Жозе Моуриньонун келери күтүлүүдө. Лопотеги келерки жумада орун алчу "Барселона"-"Реал-Мадрид" оюнуна чейин клубдан кетип, быйылкы сезондун аягына чейин мадриддик клубдун экинчи курамын машыктырып келген Сантьяго Солари команданы колуна алары айтылууда.
Белгилей кетсек, Хулен Лопетеги ушул жылдын жай айларында Реалга келген. Анын көрсөткөн жыйынтыктары ийгиликсиз болуп, учурда клуб Өлкө чемпионатында 7-орунда келе жатат.
Ал эми Жозе Моуриньо мадриддик клубду 2010-2013-жылдары машыктырып, бул аралыкта Реал Испания кубогун, чемпионатын жана Суперкубогун утуп алууга жетишкен.