Күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу: Эламан Догдурбек уулу медалга жетпей калды

Кечээ, 22-октябрда Венгриянын Будапешт шаарында эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун 3-мелдеш күнү өттү. Анда килем үстүнө Кыргыз өлкөсүнөн Эламан Догдурбек уулу чыккан.

Эламан Догдурбек уулу 70 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, жарым чейрек финалда түркмөнстандык Батыр Боржаковду утуп алган. Чейрек финалда кыргыз балбаны украиналык Андрий Квятковский менен кездешти. Беттештин жүрүшүндө украиналык балбан 6 упай топтогонго жетишип, Догдурбек уулу 3 упай алганга гана жетишти.

Муну менен украиналык балбан жарым финалга чыгып, Эламан Догдурбек уулу медалдар үчүн күрөштү токтотту.

Буга чейин Улукбек Жолдошбеков алгачкы беттешинде жеңилүү ызасын тартып, медалдарга үчүн күрөштү токтоткон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан