Бүгүн, 23-октябрда Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун 4-мелдеш күнүндө кыз-келиндер арасында беттештер орун алат. Анда килем үстүнө Кыргыз өлкөсүнөн Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы чыгат.
Мээрим Жуманазарова 68 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп, анын алгачкы атаандашы 1/16 финалда венгриялык Ванесса Уилсон болот.
Айпери Медет кызы 76 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп, анын атаандашы 1/16 финалда кытайлык Палиха Палиха болот.