Зуура Баяманова Каржы министрлигинин статс-катчысы болуп дайындалды
Зуура Баяманова Каржы министрлигинин статс-катчысы
болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Тиешелүү
буйрукка премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 8-июлда кол койгон. Баяманова буга чейин банктарды реорганизациялоо жана карыздарды реструктуризациялоо боюнча
агенттиктин директорунун орун басары болуп иштеген.