"Сизден башка эч ким сүйлөбөш керекпи?" Эки КСДПчы депутат кайым айтышты

Бүгүн, 23-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык жана коргоо комитетинин жыйынында депутат Абдывахап Нурбаев “Талас-Тараз” унаа жолундагы Үрмарал суусунда Япония 16 миллион долларга куруп жаткан көпүрөнүн баасы кымбат экенин айтты.

“16 миллион долларга көп иш жасаса болот, ага бир көпүрө куруу менен чектелип калган болбойт", - деди Нурбаев.

Ал эми депутат Анвар Артыков көпүрөнү Япония куруп жатканын айтып, алардын ишине киришпөөгө чакырды. “Көпүрөнү Япония бекер куруп берүүдө, алар канчага курат, 16 миллион долларгабы же 30 миллион долларгабы? Өздөрү билет. Бирөөнүн акчасын эсептебестен колдоп берели, бизге көпүрө салып берсе болду да”, - деди Артыков.

Абдывахап Нурбаев жасалып жаткан иш көзөмөлдөнүшү керектигин белгилеп, ага Анвар Артыков жооп кайтарып, эки депутаттын ортосунда кайым айтышуу келип чыкты.

“Мурда Базар-Коргонго көпүрө курулганда да депутаттар чуу чыгарышкан. Мен "колдогула, колдош керек" деп оюмду айтып жатам. Эмне сизден башка эч ким сүйлөбөш керекпи?” - деди Артыков.

Транспорт жана жолдор министрлигинин өкүлү көпүрөнү курууга жергиликтүү жумушчулар да тартыларын айтты.

“Талас-Тараз” автожолундагы Үрмарал суусундагы көпүрөнүн узундугу 103 метр, туурасы 14,8 метр. Мындан сырткары 700 метр жол дагы салып беришет. Гранттык келишимдин негизинде тендер Токиодо өткөрүлгөн. Курулушка колдонулуучу материалдарды тендерден жеңип чыккан компания өзү алат. Мындан сырткары жергиликтүү курулуш материалдарын жана жергиликтүүлөрдү дагы жумушка тартышат. Көпүрөнүн баасын 16 миллион 300 миң сом деп Япониянын өзүнүн эксперттери санап чыгып, бааны бычып кетишкен”, - деди чиновник.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан