"Акыйкатчы институтунун кызматкерлеринин айлык маянасы 10 жылдан бери көтөрүлбөй келет", - деп бүгүн, 23-октябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында акыйкатчы Токон Мамытов билдирди.
Анын айтымында, 5 миң айлык алган адис "иштен кетем" деп жатат.
Депутат Жыргалбек Турускулов "аталган мекемеге кошумча каражат керекпи" деп сурады.
Мамытов: "Акыйкатчы институтунда 79 кызматкер бар. Азыр 17 орун бош турат. Айлыгыбыз аз болгону үчүн кадр келбей жатат. Бюджетибиз болгону 30 миллион сомдун тегерегинде. Каражатты көбөйтүп берүү үчүн Бюджет жана финансы комитети менен Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетине расмий кайрылганбыз", - деди Мамытов.