Бишкек шаарында Дүйнөлүк кулатуу федерациясынын кезектеги "WEF Global 14 Real Fight & Arzalet" аталышындагы эрежесиз уруш боюнча дүйнөлүк деңгээлдеги мелдеши өтөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган федерациядан билдирди.
Аталган мелдеш 10-ноябрда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтөт. Мелдеш япониялык Real Fight жана Arzalet уюмдары менен бирге уюштурулат. Анда Орто Азия, Орусия, Бразилия, Түштүк Корея жана Япониянын мушкерлери катышат.
Кеченин негизги беттешинде Arzalet уюмунун чемпиону бразилиялык Рой Рой менен WEF уюмунун чемпиону Дүйшөбай Бактыбек уулу кездешет. Бул беттеш WEF уюмунун чемпиондук куру үчүн болот. Рой Рой карьерасында 11 беттеш өткөрүп 7 беттеште жеңишке жетип, 4 жолу жеңилген. Ал эми Бактыбек уулу карьерасында 6 беттеш өткөрүп баарында жеңишке жеткен.
Ошондой эле мелдештин алкагында WEF уюмунун 4 чемпиондук куру үчүн беттештер орун алат. Анда Алтынбек Мамашев монголиялык Бурензоринг Батмунх менен, Кубаныч Абдисалам менен япониялык Ю Фужимаки, Багаудин Аббасов (Дагестан) менен Константин Андрейцев (Орусия) жана Абдулгажи Газиев менен Санжар Ажибаевдин беттештери орун алат.