Ырчы Айпери Кубик кызы "Ош" эл аралык аэропортуна нааразычылыгын айтып чыкты. Аэропорттун жообу

Ырчы Айпери Кубик кызы "Ош" эл аралык аэропортунун ишмердүүлүгүнө нааразычылыгын айтып, айрым кызматкерлер жоопко тартылсын деди. Бул окуя тууралуу SUPER.KG порталы ырчыга байланышып, төмөндөгүдөй жооп алды.

"Мени Орусиянын Саратов шаарында жашаган мекендештер 21-октябрда тойго чакырган. 20-октябрда Сүлүктү шаарында тойдо болгондуктан Ош-Москва-Саратов рейсине билет алып койгом. Тойдон чыгып аэропортко барып жүгүмдү тапшырып жатып "жүгүм калып калбасын, тойго барганда уят болбоюн" дегем. Саратовго жеткенде жүгүмдү таппай койдум. Мени менен чогуу келгендердин жүктөрү келди. Бир эле меники жок. Анан Москва менен Саратовдун аэропортторуна арыз менен кайрылсам, кечирим сурап: "Бизден кетсе чыгымыңарды төлөп бермекпиз. Бирок жүгүңүз келген жок" дешти. Дароо эле атама (ред.: Кубик Калыков) чалып, иштин чоо-жайын айттым. Ал сураштырса, жүгүм Оштогу аэропортто калып калыптыр. Аэропорттун кызматкерлерине чалып "эмнеге жүгүм калып калды" десем, катасын моюнуна алып, кечирим сурагандын ордуна жүктөгөндөргө шылтап коюшту. Өзүбүздүн кызматкерлер ушинтип жатышканы жанымды кейитти.

Ал эми тойго барбай калган жокмун, бардым, бирок той ээлеринин алдында уят болуп, сөзгө калдым. Менин чыгымдарымды аэропорт өз колуна алышы керек", - дейт ырчы.

Ал эми аталган окуя боюнча "Манас" эл аралык аэропортуна кайрылганыбызда, басма сөз кызматы кызматтык иликтөө жүрүп жатканын билдирди.

"Учурда окуя боюнча кызматтык иликтөө иши башталды. Эмнеге бир жүргүнчүнүн жүгү калып калганын, ага ким жооптуу экени аныкталса, жоопко тартылат. Иликтөө иши аягына чыкса, толук маалымат берилет", - дейт маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
Snejana
2018-10-24 19:03:02
Госто иштегендер аман эле болушсун. Ошон учун Кыргызстан онукпой атат. Азыр онуккон заманда, бир айлык план деп документтерин ручной жазып отурушат. Электронный вариантка дагы эле отуп бутушо элек.
+9
yagami
2018-10-24 19:26:26
аэропортогулар акча эле сурашат .
документинден бир нерсени шылтоо кылып куттуруп койот. 2 сааттан кийин бир кабинетке чакырат дагы акча сурашат . Айрыкча доверенность менен жаш балдарды алып кетип жаткандарды сындырышат
+8
bond02
2018-10-24 20:06:27
Уят болуп бутпой койдук го эч эле.
+4
xnurgul_gul
2018-10-24 21:03:07
Ушул кырбызбайдын аеропорту милиция Доктур эээ койчу полный ошол крда аман эле болгулачы багажым 300грам ашып кетсе 10$дешип негизи чет олколордо 13 олкодо болдум ручной клади текшерген бир эле Кыргызстан ды кордум тооба таразага тартып 300грам ашып кетсе толо деп откозбой ыйлатышкан мени манаста
+2
tasnim
2018-10-24 21:21:15
Оа бир аз коз салып коюшса болмок Ош аэропортуна.Башка жактан учуп келгендерге уят эле болобуз.Жолдошумдун паспорту РФ.ы ар бир рейсте болор болбос шылтоо менен кармап тура беришет.Акча умут кылышып.
+4
orxidey
2018-10-25 00:47:41
Менда оштон учканда шылтоо таппай косметичкамда кайчы бар болчу кичинекей ошону алып калган.Тейлоо отто начар суйлоо эрежелерин билишпейт оздоруно сезилбейтго бирок мен озум уялып кеткем карап туруп.
+3
Abdizhapar
2018-10-25 02:38:02
Дискети калып кетип уят болду да живой ырдай алганында уят болмок эмессин
+2
Nora
2018-10-25 06:50:16
ruchnoi ele bagaj kylyp ele kotorush kerek kerektuuu buiumdardy, ech kimge ech kaisy jerde ishenich artpagyla, ozuno sak bol biroonu uuru tutpa deit. Mmen KGdan Franciyaga uchkanynmda,bagajym kelbei kaldy ele, ertesi kunu erten menen eerte AIR France bagajymdy uigo cheiyn alyp kelip tashtap ketishken bolchu.
+2
KG.Kushtarbek
2018-10-25 07:57:45
Оштун аеропортун кичине карап койсо болмок
+4
Kgda
2018-10-25 10:15:32
Срочно Ош Аеропортунун начальнигин иштен алыш керек мындайда, Айпериге самалетко кеткен акчасын туда и обратно кайтарсын, жана за моральный ушерб 100 мин сом толоп берсин.
+4
Stervashka
2018-10-25 11:16:55
Оштун аэропортуна соз жок. Мен да келгенде багажым ачып алтындарым алып коюшкан. Жоопкерчилик жок.
+5
Asyl10
2018-10-25 11:47:13
Мен да Оштун аэропорту начар иштейт деп айтаар элем. Бирн жолу Оштон Бишкекке учсам, багажым Москвага кетип калыптыр. Москвага 3 кун саякаттап анан келди. Мен ага чейин Бишкекте ишимди бутуруп Ошко келип калдым. Анан кайра-кайра аэропортко каттап зорго таптырдым багажды, ачсам ичинде фэним жок. Тайнесинин жеке аэропорту баштанып кызматкерлери баары эле мурдулары асманда,копол мамиле жасашат,тейлоо маданиятын такыр билишпейт. Аэропорттун штатын толук жанылаш керек негизи.
+8
Kamalbek
2018-10-25 15:49:22
Айпериге бала барбы Бишкектен эле учпайсынбы? чырга калбайтлен Ошко караганда Бишкекте кичине жакшырааак тейлейт жургунчулорду тарбиядан башташ керек корбогондун коргону курсун дегендей сабаты жоктор эле иштейт Оштогу аэропортто .
+3
xnurgul_gul
2018-10-25 20:37:32
Kamalbek,бишкекте деле туздашат
+2
nazgul1905
2018-10-25 18:05:47
Бир,эки жолу за моральный ущерб толотушуп коюшса,мурдунан курту тушуп миленький болуп калмак!!! Буюмун жоголдубу арыз жаз толосун,Айпери туура кылат мен кошуламын ,ишти аягына чейин чыгар бекем туруп,азаматсын!!!
+5
chynara-84
2018-10-25 20:27:07
Оштун аэропорту ар дайым эле ушундай.Канча жолу сумкаларыбызды таппай калганбыз Питерге жеткенде.Ал жактын аэроп.сурасак жуктолбоптур дешкен
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан