23-октябрдан 24-октябрга караган түнү Европадагы эң беделдүү футболдук мелдештин бири - Чемпиондор Лигасынын 3-туру старт алат. Бул күнү 4 тайпадагы командалар өз ара беттешип турнирдик жадыбалда алдыңкы орундарга көтөрүлгөнгө аракет жасашат.
Күндүн башкы беттеши катары "Манчестер Юнайтед"-"Ювентус" жана "Рома"-"ЦСКА" клубдарынын ортосундагы оюндарды саноого болот.
Оюндардын жүгүртмөсү:
"Е" тайпасы
"АЕК" (Греция) - "Бавария" (Германия)
Бул беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 22:55те башталат.
"Аякс" (Голландия) - "Бенфика" (Португалия);
Бул беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 01:00дө башталат.
"F" тайпасы
"Хоффенхайм" (Германия) - "Лион" (Франция).
"Шахтёр Донецк" (Украина) - "Манчестер Сити" (Англия).
Бул беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 01:00дө башталат.
"G" тайпасы
"Рома" (Италия) - "ЦСКА" (Орусия).
"Реал Мадрид" (Испания) - "Виктория Пльзень" (Чехия).
Бул беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 01:00дө башталат.
"Н" тайпасы
"Валенсия" (Испания) - "Янг Бойз" (Швейцария).
Бул беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 22:55те башталат.
"Манчестер Юнайтед" (Англия) - "Ювентус" (Италия).
Бул беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 01:00дө башталат.