Жол кырсыгынан ИИМдин академиясынын 3 курсанты каза болду

Бүгүн, 9-июлда саат 07:50 чамасында Бишкектин Октябрь районуна караштуу Көк-Жар айылындагы Шабдан баатыр көчөсүндө бара жаткан кичи автобус жол кырсыгына кабылган. ИИМ кабарлагандай, Москвич үлгүсүндөгү автоунаанын дөңгөлөгү чыгып кеткендиктен, ал унаа ИИМдин академиясынын курсанттары бара жаткан кичи автобустун алдынан чыккан. Унаалар кагышып, кырсыктын кесепетинен 6 адам жаракат алып, тийиштүү ооруканаларга жеткирилген жана алардын бирөө оор абалда. Ошондой эле 1994-жылы туулган Баяман Бакытов, Мээрим Кубатова, Гүлмайрам Кененова аттуу 1-курстун курсанттары каза болушту. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
realliver
2013-07-09 11:45:30
Кок-Жар айылы Аламудун районуна карайт
0
admin_superstan
2013-07-09 12:12:02
realliver, Саламатсызбы!
Көк-Жар айылы азыр Октябрь районуна караштуу болуп калган.
0
Lion-x
2013-07-09 12:04:53
Чуй областы, Бишкек шаары эмес
0
admin_superstan
2013-07-09 12:12:39
Lion-x, Саламатсызбы!
Октябрь районуна карагандыгы үчүн Бишкек шаарына кирет.
0
Akyl.UM.kg
2013-07-09 12:41:09
ото кайгашалуу окуя болуптур. Афто машиналарга техникалык кароону тезинен кайра киргизуу керек. негизги себеби техникалык кароосу жоктугунан ушундай корунуштор болуп жатат.
0
ibo
2013-07-10 17:42:51
техникалык кароо киргизсе кайрале коррупциялашып кетет анын машинесин чукулап отурмак беле акчасын алып тех.осмотр басып берет болду. Бирок чындыгында ото кейиштуу окуя болуптур жайлары жаннаттан болсун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан