Бүгүн, 23-октябрда Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун 4-мелдеш күнү өтүүдө. Анда кыз-келиндер арасындагы мелдеште Кыргыз өлкөсүнөн килем үстүнө Мээрим Жуманазарова чыкты.
Мээрим Жуманазарова 68 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп, алгачкы беттешинде 1/16 финалда венгриялык Ванесса Уилсонду 1 мүнөт 31 секунддун ичинде утуп алган. Жарым чейрек финалда Жуманазарова италиялык Далма Канева менен кездешип, беттештин жыйынтыгында 5:6 эсебинде жеңишти тарттырып жиберди.
Муну менен италиялык балбан чейрек финалга чыгып, ал финалга чыкса Мээрим Жуманазарова көңүл жубатуучу раундда күч сынашканга мүмкүнчүлүк алат.