Экс-президент Алмазбек Атамбаев 28-октябрга чейин Орусияга иш сапары менен кеткени маалымдалды. Бирок айрым маалымат булактарында аны кайтып келбейт деген божомолдор айтылууда.
Буга байланыштуу жаралган SUPER.KG порталынын "Атамбаевдин өлкөгө кайтып келбешине кимдер кызыкдар?" деген соболуна жарандык активист Адил Турдукуловдун пикири төмөндөгүдөй болду.
Турдукуоловдун айтымында Алмазбек Атамбаев өлкөгө кайтып келет.
“Бүгүнкү күндө Алмазбек Атамбаев оппозициялык күчтөрдү бириктирүүчү “фигурага” айланып баратат. Себеп дегенде анда каржылык ресурс жана башка ресурстар жетиштүү. Бүгүнкү күндө Атамбаевдин каналы делген “Апрель” телеканалы бийликке негиздүү сындарды билдирип келет. Бул, албетте, бийликчил топторго жакпайт. Ошонун себебинен да бүгүнкү күндө анын сыртка чыкканына да атайын маалыматтык басым кылып, аны келтирбөө аракети болууда.
Менин оюмча, кайтып келет, ал өжөр адам. Атамбаев бийликке кайтып келүү үчүн эмес, тарыхта өз атын таза калтырууга аракет кылат. Ал 28-октябрда кайтып келерин да ачык айтты. Мунун менен кайтып келе турганын ачык белги кылды. Ал кайтып келет, күрөшүн кайра улантат. Ачык айтканда, анын кайтып келбешине азыркы бийлик кызыкдар”, - деди Турдукулов.
Жогорку Кеңештин депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Иса Өмүркулов, Тазабек Икрамов, саясат таануучу Марс Сариев, саясий серепчи Бакыт Бакетаевдин пикири бул шилтемеде.